Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары–Кыргызстандын дүйнө маданиятына кошкон дагы бир салымы болуп калды

Саясат
09 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
661
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында Экинчи Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын жабылыш аземине катышты.
Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына дүйнөнүн 62 өлкөсүнөн өкүлдөр келишти, иш-чараны чет элдик жана жергиликтүү жалпыга маалымдоо каражаттарынын 500 дөн ашык журналисттери чагылдырышты.
Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков  бул оюндар  кыргыз элинин тарыхын, маданиятын, табиятын дүйнөгө даңазалап, биримдик менен ынтымагыбызды бекемдегенин айтты. Ал мындай иш чаралар  жер жүзүндөгү бардык көчмөн элдердин өз ара түшүнүүсүнө түрткү берип, кызматташуусун арттыраарын баса белгиледи.

 
Төмөндө Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Сооронбай Жээнбековдун сөзүнүн тексти:
«Урматтуу мекендештер! Ардактуу коноктор!
Кереметтүү кыргыз жеринде, касиеттүү Ысык-Көлдө дагы бир жолу дүйнө жүзүнүн көӊүлүн бурган эл аралык иш-чара аяктап жатат.


Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевдин көчмөн элдин улуу көчүн улантууга,  көчмөн цивилизациясынын дүйнө таанымын, маданиятын жана рухун жандандырууга багытталган  демилгеси көп мамлекеттердин колдоосуна ээ болду. Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – глобалдык масштабдагы уникалдуу иш-чарага айланды.


Көчмөндөр оюндары, Кудай буюрса, кулачын кенен жайып, дүйнө эли кызыгып көргөн, төгөрөктүн төрт бурчунан келген спортсмендер катышкан, атактуу иш-чарага айланат.
Бул демилге дал ушул жерде, кереметтүү Ала-Тоодо, касиеттүү Ысык-Көлдүн жээгинде башталганы баарыбызды сыймыктандырат.


Көчмөндөр оюндарын өткөрүү менен биз ата-бабалардын баскан жолун даӊазалап, алардын элесине таазим кылабыз, көчмөндөрдүн рухун жүрөк түпкүрүнө сактап келип, урпактарга өткөрөбүз, муундардын байланышын улайбыз, өткөнүбүзгө сыймыктанып, келечекке үмүт артабыз.


Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары – Кыргызстандын дүйнө маданиятына кошкон дагы бир салымы болуп калат. Ал жер жүзүндөгү бардык көчмөн элдердин өз ара түшүнүүсүнө түрткү болот. Биздин өлкөнүн эл аралык аброюн көтөрөт.
 
Уважаемые гости! Уважаемые соотечественники!


Всемирные игры кочевников направлены на сохранение и развитие не только спорта, но и культуры кочевой цивилизации.
Всемирные игры кочевников станут глобальной площадкой, где народы мира смогут с гордостью демонстрировать игры, традиции и культуру своей страны. Всемирные игры станут, образно говоря, уникальным местом встречи прошлого, настоящего и будущего кочевников.
Игры кочевников – не только дань уважения памяти предков, но и шаг, нацеленный на   взаимопонимание между народами, развитие глобального сотрудничества, укрепление мира и стабильности на Земле.
Во Вторых Всемирных играх кочевников приняли участие более 1500 спортсменов из 62 стран. Они состязались по 25 видам спорта, где были разыграны 387 медалей.
Все состязания были зрелищными, оставили незабываемые впечатления. Думаю, что игры принесли большое удовольствие не только зрителям, но и самим участникам соревнований. 
Около 800 миллионов жителей Земного шара имели возможность наблюдать за этим, новым в мире событием. Более 500 представителей средств массовых информации, в том числе свыше 300 иностранных журналистов освещали Вторые Всемирные игры кочевников.
Есть все основания заявить, что Вторые всемирные игры кочевников успешно состоялись. 
От имени Кыргызской Республики поздравляю призеров игр с заслуженной победой и выражаю глубокую благодарность спортсменам всех стран, принявших участие во Вторых играх кочевников.
Урматтуу мекендештерим! Урматтуу көчмөн элдин урпактары!
Келген конокторубуз кереметтүү Ала-Тоо жергесинин, кыргыз бермети Ысык-Көлдүн кооздугун, кыргыз элинин кең пейилдигин, жашоо образын таанып кетти.  Бул оюндар кыргыз элинин тарыхын, өнөрүн, маданиятын, табиятын дүйнөгө даңазалап, биздин биримдигибизди, ынтымагыбызды ширетти деп ишенем.
 
Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын өткөрүүнү колдоп, кол кабыш кылганыӊыздар үчүн баардык кыргызстандыктарга Кыргыз Респуьликасынын Президентинин жана өкмөтүнүн атынан  терең ыраазылык  билдирем.
Кыргыз Республикасынын Президентинин тапшырмасы боюнча Экинчи дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын уюштурууга чоң салым кошкон адамдарга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылат.
Кереметтүү жерибизде тынчтык жана бакубатчылык, кең пейил элибизде биримдик болсун.
Көчмөндөрдүн рух биримдиги, күч биримдиги түбөлүк сакталсын. Ушуну менен Экинчи Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарын жабык деп жарыялайм.
Объявляю Вторые Всемирные игры Кочевников закрытыми!».
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.