Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыска мөөнөттүү эмгек өргүүсүн алды

Саясат
27 - Май 2020
Эркин Тоо
65

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлеринин катышуусунда жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешмеде Мухаммедкалый Абылгазиев Өкмөт дайыма ачык-айкын иштөөгө умтулаарын белгиледи. 

«Бирок Жогорку Кеңеште Өкмөттүн жана Премьер-министрдин дарегине радиожыштык ресурстарын узартуу жана аны кайра каттоого тийиштүү кылмыш ишине байланыштуу сын-пикир жана күнөөлүү эместигимди далилдөө чакырыгы айтылды. Мен мамлекеттин экономикалык кызыкчылыктарын сактоону жана жыштыктарды ачык аукциондо сатууну, ошондой эле мыйзам талаптарына жооп бербеген ээлердин лицензияларын алууну колдоп келгендигимди баса белгилеп кетким келет. Бул туурасында мен Жогорку Кеңештин жыйынында да айткам. Дагы бир жолу билдирем, териштирилип жаткан ишке менин эч кандай тиешем жок жана бул маселени саясатташтырбоо керек деп эсептейм. Укук коргоо органдары объективдүү жана ар тараптуу тергөө жүргүзүп, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу