Курс НБ на 06.07.2020 $77,1102 €86,6140

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Аксы окуясынын курмандыктарын эскерди

Саясат
17 - Март 2020
www.erkintoo.kg
85

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтындагы 2002-жылы Аксы жана 2010-жылдагы апрель окуяларында элдин эркиндиги үчүн курман болгондордун эстелигине гүл койду.

Эскерүү иш-чарасы Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Боспиек айылында 2002-жылдын 17-мартында болуп өткөн каргашалуу окуялардын жылдыгына арналган.

Өкмөт башчы менен биргеликте гүл коюуга биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министрлери Эркин Асрандиев, Акрам Мадумаров, Алтынай Өмүрбекова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппарат жетекчиси – министр Самат Кылжыев жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн башка мүчөлөрү катышышты.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.