Курс НБ на 23.08.2019 $69,7882 €77,2311

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев айыл чарба илимий-изилдөө институттарын колдоо чараларын иштеп чыгууну тапшырды

Саясат
17 - Июль 2019
www.erkintoo.kg
45
Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Чүй облусунун Сокулук районундагы  «Элита» селекциялык станциясына жана мал чарбачылыгы жана жайыт илимий-изилдөө институтуна барды.

Өкмөт башчы селекциялык станциянын ишмердүүлүгү менен таанышып, чарбалыктын аймагын, жабдууларды жана айыл чарба техникасын, лабораториясын, фермасын көрүп чыкты.

Белгиленгендей, «Элита» селекциялык станциясынын башкы максаты селекциялык процесстин бар бир баскычында иш-чаралардын комплексин аткаруу аркылуу малдын азыктуулугун жогорулатуу болуп саналат.

Селекциялык станциянын мүмкүнчүлүгү мал чарба продуктуларын өндүрүүгө, сактоого жана ташууга шарт түзөт, бирок учурда болгон жабдуулары дээрлик эскирип, рыноктун талаптарына толук жооп бербейт. Мындан тышкары станцияда квалификациялуу кадрлар жетишсиз жана букаларды сатып алуусу керек.

Премьер-министр белгилегендей, керектүү инфратүзүмү: өндүрүштүк имараты, жайыты, тоют базасы, техникасы жана жабдуулары бар мындай өзгөчө айыл чарба объекттерин сактап калууга жана өнүктүрүүгө зарыл чаралар көрүлөт.

Өкмөт башчы белгилегендей, Кыргыз Республикасы – агрардык-индустриалдык өлкө жана республика малдын башы боюнча советтик мезгилдеги көрсөткүчтөргө жетише алганы менен селекциялык кеңири масштабдуу тутумдун  жана асыл тукум боюнча иштердин жоюлушунан улам мал чарба продукциясынын сапаты боюнча кырдаал кыйын бойдон калууда.

«Мунун баары биз бул иштерди жандандырууга күч жумшообуз керектигин айтып турат. Өндүрүүчүлөрдү алдын ала тандоонун натыйжалуулугун жогорулатып,  малдын жогорку азыктуу породалык курамын жакшыртууга жетишүү керек», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Андан соң Өкмөт башчы мал чарбачылыгы жана жайыт илимий-изилдөө институтуна барып, анда анын ишмердүүлүгү жана көйгөйлөрү менен таанышты.

Институттун илимий-изилдөө иши генетикалык ресурстарды сактоо, жакшыртуу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча илимий негиздерди иштеп чыгууга, айыл чарба малынын жаңы породаларын жана түрлөрүн түзүүгө багытталган. Табигый жайыттардын абалын жакшыртуу ыкмаларын жана методологиясын, тоют өсүмдүктөрүнүн жаңы жогорку түшүмдүү сортторун иштеп чыгуу, сорттук үрөндөрдү уюштуруу жана чыгаруу иштери жүрүүдө.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев баса белгилегендей, айыл чарба илими жаатында топтолгон маселелерди чечүү үчүн тиешелүү илимий-изилдөө институттарын колдоо Программасын иштеп чыгуу зарыл.

«Чачыранды чарбаларды тутумсуз колдоо тийиштүү натыйжа бербейт жана атамекендик айыл чарбасын өнүктүрүү ишине чоң пайда алып келбейт. Өкмөттүн колдоосу терең ойлонулган жана таасирдүү болушу керек. Ошондо гана сабаттуу документти иштеп чыгып, аны натыйжалуу ишке ашыруу менен биз жакынкы жана алыскы келечекте реалдуу жыйынтыктарга жетише алабыз», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу