Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Пан Ги Мун Сириядагы согуштук аракеттерди токтотууга чакырды

Саясат
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
487

Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Пан Ги Мун Башкы Ассамблеянын Нью-Йоркто өтүп жаткан 71-жалпы жыйынын ачып жатып, Сириядагы согушту токтотууга чакырды. Ал өз сөзүндө бул беш жылга созулган согуштук аракеттерде миңдеген жай тургундар мерт кеткенин билдирди. Ал “согуштук машинаны азыктандырган кудуреттүү жетекчилердин колунда элдин каны бар”, – деп айтты. Бул Пан Ги Мундун Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы катары ассамблеядагы акыркы кайрылуусу болду. Белгилей кетсек, БУУнун Нью-Йорктогу жыйынына 130дан ашык мамлекеттин башчылары жана ондогон министрлер катышууда.

Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.