Курс НБ на 17.01.2020 $69,8300 €77,7592

Памирдеги кыргыздарга гуманитардык жардам жөнөтүлдү

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
494
Өкмөт Улуу жана Кичи Памирде жашаган этникалык кыргыздарга гуманитардык жардам жиберди. Өкмөттүн маалымат кызматынын билдиргенине караганда, 7 жүк ташуучу автоунаа  дүйшөмбү күнү Оштон жөнөдү. Анда азык-түлүктөр, дары, жылуу кийимдер жана боз үй сыяктуу буюмдар бар.  Экспедициянын курамына Миграция кызматынын төрагасы Бакыт Адыловдун башчылыгы менен этникалык кыргыздарга медициналык кароону өткөрө турган медицина кызматкерлерин кошкондо  жалпы  20 киши кирген. Гуманитардык жардам жиберүүгө 10 млн сом бөлүнгөн. Маалыматтарга караганда, Чоң жана Кичи памирде 1500дөй этникалык кыргыздар жашайт.
Айнура Шайкеева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.