Курс НБ на 24.01.2020 $69,8443 €77,1640

Орусия Өзбекстан менен аскерий-техникалык кызматташуу боюнча макулдашты

Саясат
29 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
356
Өзбекстан менен аскерий-техникалык кызматташуу боюнча макулдашууга уруксат Орусия президенти Владимир Путиндин 28-ноябрдагы жарлыгына ылайык берилди. Бул тууралуу Орусиянын Укуктук маалымат расмий порталында кабарланды. Азырынча эки тараптын аскерий алакасы кандай болору так айтыла элек. Эске салсак, быйыл 6-сентябрда Путин Өзбекстанга келген учурда президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшкөн. Анда Мирзиёев Ташкент менен Москванын ымаласы стратегиялык шериктештик мүнөзүндө болорун айткан эле.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.