Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Орусия менен АКШ Сирия боюнча сүйлөшүү өткөрөт

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
375
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри 15-октябрда жолугуп, Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдү өткөрүшөт. Швейцариянын Лозанна шаарында болчу сүйлөшүүлөргө аймактагы өлкө өкүлдөрү да катышат. Бул тууралуу Орусия ТИМи билдирди. Маалымдалгандай, жолугушуу Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча кошумча кадамдарды караштыруу үчүн өткөрүлөт.
Буга чейин Лавров Си-эн-эн телеканалына курган маегинде жолугушууга Иран, Түркия, Сауд Арабиясы жана Катар катыша турганын айткан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.