Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Орун басарлар Анжыянда жолугушту

Саясат
03 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
441
Биринчи премьер-министр Мухамметкалый Абулгазиев жетектеген кыргызстандык делегация өзбекстандык тараптын чакыруусу боюнча 1-октябрда Анжыян шаарында иш сапар менен барды жана аларды Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Адхам Икрамов тосуп алды.
Чек ара маселеси боюнча сүйлөшүүлөргө катышкан кыргыз делегациясы Анжиян облусунун Ходжа-Абад районундагы №10 мектепте, Анжыян мамлекеттик университетинде, Анжыян шаарынын Достук үйүндө, темир жол вокзалынын жаңы имаратында болуп, андан тышкары, Асака шаарындагы автозавод менен таанышты.  
Кошумчаласак, Анжыян облусунда 2,9 миллион калк жашайт. Облус аймагынан орун алган ири үч шаардын бири ушул индустриалдуу Асака шаары.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.