Курс НБ на 18.11.2019 $69,8500 €77,2541

Октябрда Николай Бордюжа кызматынан кетет

Саясат
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
551
16-октябрда Ереван шаарында ЖККУга мүчө мамлекеттердин президенттеринин жыйыны өткөрүлөт. Ошол жыйында уюмдун жаңы жетекчиси аныкталат. Бул туурасында 6-сентябрда ЖККУнун учурдагы башкы катчысы Николай Бордюжа билдирди.
“Менин кызмат ордумду Армениянын өкүлү ээлейт. Бирок, ким экендигин азырынча атай албайм”, - деп айтты ал.
Кошумчаласак, ЖККУнун башкы катчысы 1-сентябрда эле Президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болуп, андан соң “Ата-Бейитте” 1916-жылдагы Үркүндүн курмандыктарынын урматына тургузулган Мемориал эстеликтин ачылышына катышкан. Николай Бордюжа 11-сентябрда Минскиде КМШнын Аткаруу Комитетинин төрагасы Сергей Лебедев жана ШКУнун башкы катчысы Рашид Алимов менен жолугушат.
Үч жетекчи үстүбүздөгү жылдын июнь айында Ташкент шаарында ШКУга мүчө мамлекет башчыларынын юбилейлик саммитинин жыйынтыгын талкуулашып, аймактагы жана дүйнөдөгү коопсуздук, туруктуулук маселелери боюнча пикир алмашышат.
Николай Бордюжа КМШнын аскердик уюму болуп эсептелген ЖККУну 2003-жылдын апрель айынан бери жетектеп келе жатат. Аскердик наамы генерал полковник жана учурда 67 жашта. 2007-жылы Кыргызстандын “Данакер” ордени менен сыйланган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.