Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Нурсултан Назарбаев эл аралык иш-чараларга катышпайт

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
397
Ушул жуманын аягына чейин Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев буга чейин пландалган эл аралык иш-чараларга катышпайт. Бул тууралуу өлкө башчысынын басма сөз катчысы Айдос Укибаев билдирди. Анын айтымында, президенттин иш планына «айрым өзгөртүүлөр» киргизилип, Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) Еревандагы жыйынына Казакстан премьер-министри катышмай болду. «Сыркоолоп калганына байланыштуу президент пландык дарылануудан өтүүдө»- деди Укибаев. Ал жалпысынан Назарбаевдин саламаттыгы үчүн «тынчсызданууга негиз жок экенин» кошумчалады. Армениянын президенттик администрациясы маалымдагандай, ЖККУнун 14-октябрдагы саммитине катышуу үчүн Назарбаев Ереванга 13-октябрда барышы керек болчу.
Кийинки күндөрү Назарбаев адаттагы иш планына ылайык ишмердүүлүк жүргүзөт деп кошумчалады Укибаев.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.