Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Николай Бордюжа “чек арабызга жолоп эле көргүлө” деп эскертти

Саясат
23 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
463
Өтүп бараткан аптада БУУнун Генералдык Ассамблеясынынын 71-сессиясында акыркы ирет трибунага көтөрүлгөн АКШ Президенти Барак Обама Орусия илгерки атак-даңкын күч менен калыбына келтиргиси келип жатат. Эгер кошуна мамлекеттердин ички ишине кийлигише бере турган болсо, “алардын чек араларына коркунуч жаралат” деп опузалады.
 ЖККУнун генералдык катчысы Николай Бордюжа америкалык президенттин обдулуусуна жооп катары “уюмга мүчө мамлекеттердин чек арасын текшерем дегендер жөн калбайт” деп айтты.
Николай Бордюжа: “Бизде олуттуу күчтөр бар. Чыгыш европалык тарапта орус-белорус, Кавказда орус-армян, Борбор Азияда орус-казак, орус-тажик, Кыргызстанда ыкчам аракеттенүүчү жамааттык күчтөрүбүз турат. Бизде коргонууга жана жооп кайтарууга бардык мүмкүнчүлүктөр бар”, - деп айтты.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.