Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Назарбаев Ереванга барбай калды

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
417
Казакстан парламентинин депутаты Дарига Назарбаеванын айтымында, атасы Нурсултан Назарбаевдин саламаттыгы азыр жакшы деп казакстандык жалпыга маалымдоо каражаттары билдиришүүдө.
Бирок, Армениядан алынган маалыматтарга таянсак, казак президенти эртең, 14-октябрда Ереванда өтүүчү ЖККУ кеңешинин жыйынына катышпайт. Ордуна премьер-министр Бакытжан Сагынтаев барат.
Президент Нурсултан Назарбаев ай соңунда Сауд Арабиясына расмий сапар менен бараары да белгилүү болду. Учурда анын тапшырмасы боюнча айыл чарба министри Аскар Мырзахметов жетектеген делегация Сауд Арабиясында жүрөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.