Курс НБ на 27.01.2021 $84,8000 €103,0066

Мындан ары жергиликтүү бийлик кырдаалга жараша той-топурга, массалык иш-чараларга уруксат бере алат

Саясат
26 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
73

Бул туурасында вице-премьер Эльвира Сурабалдиева брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кийинки айдан тарта экономикалык чектөөлөр жөнүндөгү өкмөттүн 17-октябрдагы токтому күчүн жоготот.

  • Ал документте төмөнкү жайлардын иштөөсүнө чектөө коюлган:
  • Маданий, спорттук, илимий, үй-бүлөлүк жана эскертүү иш-чараларына;
  • Көңүл ачуучу жана оюн-зоок мекемелерине;
  • Соода борборундагы оюн зонасына;
  • Кинотеатрларга;
  • Интернет-клубдарга;
  • Коомдук тамактануучу жайларда 50 адамдан көп отурууга.

 Андыктан  Сурабалдиева мындан ары ар бир регион жана облустун бийлик башчылары эпидемиологиялык кырдаалга жараша өз алдынча чектөө же уруксат берүү боюнча чечим кабыл аларын эскертти.



 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу