Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Москвада өрттөн каза болгондордун балдары социалдык камкордукка алынат

Саясат
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
546
Кыргызстандык эмгек мигранттарынын басымдуу бөлүгү Орусияда экендиги баарыбызга маалым. Ошондуктан Москвада Кыргыз Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик миграция кызматынын өкүлчүлүгү иштеп жатат. Кечээ, 21-сентябрда Жогорку Кеңеште Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков: “2016-жылдын биринчи жарым жылдыгында Орусияда “кара тизмеге” киргизилген кыргызстандык жарандардын саны 119 миңге жеткен. Сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында, 54 879 жараныбызды бул тизмеден чыгарууга мүмкүн болду”, - деди. Айтымында, Кыргызстанда эмгек миграциясы менен алектеген мамлекеттик органдарды кайра кайра өзгөртө берүү маселе чечүүгө абдан эле залакасын тийгизген.
Быйыл июль айында Президент Алмазбек Атамбаевдин төрагалыгы алдында өткөн Коргоо кеңешинин жыйынында миграциялык саясат боюнча атайын чечим кабыл алынып, 2030-жылга чейин калкты жумуш менен камсыздоо, тышкы жана ички миграция агымын кыскартуу боюнча милдеттер аныкталган. “Өкмөт бул багытта тешелүү жумуштарды аткарууда”, - деп кошумчалады Премьер-министр.
Ал эми Москвада өрттөн каза тапкан кыргыз жарандарынын жакындарын социалдык камкордукка алуу маселеси каралып жатат. Компенсация төлөп берүү, өрттөн жабыр тарткандарды жумуш орундары менен камсыздоо боюча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Айтымында, каза болгон келиндердин артында 11 бала калды. Аларга колдоо көрсөтүү максатында атайын депозиттик эсеп ачылды. Топтолгон каражаттарды энесиз калган балдар 18ге толгон учурдан тарта өз керектөөлөрүнө жумшай алышат.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.