Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

Мира Карыбаева Нью-Йоркто

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
399
Кыргыз Республикасынын президентинин Аппарат жетекчисинин орун басары Мира Карыбаева жетектеген делегация Бириккен Улуттар Уюмунун Нью-Йорктогу штабында БУУнун баш катчысынын саясий маселелер боюнча орун басары Джефри Фелтман жана саясий маселелер боюнча башкы катчынын жардамчысы Мирослав Енч менен жолугушту.
Мындан тышкары, экстремизм зомбулугуна жол бербөө боюнча ПРООНдун Глобалдык программасынын жетекчиси Александр Зуев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү жана аталган программа менен Кыргызстандын кызматташуусу макулдашылды.
БУУнун жетекчилери жана эксперттери менен жолугушууда Мира Карыбаева Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан реформалар тууралуу айтып берди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.