Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Министр Эрлан Абдылдаев 24-сентябрда БУУнун Генассамблеясынын 71-сессиясында сөз сүйлөйт

Саясат
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
437
Нью-Йоркко бараткан жолдо ден соолугуна байланыштуу Стамбулда калууга мажбур болгон Президент Алмазбек Атамбаев БУУнун Генералдык Ассамблеясынын 71-сессиясына катышууну өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге тапшырган.
Кечээ, Кыргызстандын делегациясы 71-сессиянын ишине катышты жана 24-сентябрда министр Эрлан Абдылдаев жалпы саясий дисскуссияда сөз сүйлөйт. Андан тышкары, анын БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мун, ПРООНдун администратору Х. Кларк менен жолугушуусу күтүлүүдө.
Кошумчаласак, 71-сессияда жакырчылык, ачарчылык, дүйнөдөгү куралдуу жаңжалдар жана качкындар сыяктуу 1783 маселе талкууланат. Сессия 26-сентябрда жыйынтыкталат.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.