Курс НБ на 27.01.2020 $69,8443 €77,1640

Мамлекеттик тил күнүнө карата Жогорку Кеңеште илимий конференция өтөт

Саясат
10 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
113

Бүгүн, 10-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратында 23-сентябрь – Мамлекеттик тил күнүнө карата “Мамлекеттүүлүк жана мамлекеттик тил” деп аталган илимий-тажрыйбалык конференция өтөт.

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залына белгиленген иш-чарага төрага Дастанбек Жумабеков баштаган депутаттар, тиешелүү өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, тармактык адистер катышат. Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдиргендей, иш-чара Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия менен биргеликте уюштурулган.

Быйыл Кыргызстанда “Мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамдын кабыл алынганынын 30 жылдыгы белгиленет.

Коомчулукта кыргыз тилинин өнүгүшүнө зор салым кошот деген мыйзам иш жүзүндө толук иштебей жатканы тууралуу сындар айтылып келет.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.