Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Мамлекет башчынын саламаттыгы канааттандырарлык

Саясат
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
420
“Президент Алмазбек Атамбаевдин саламаттыгы канааттандырарлык",-деп маалымдады бүгүн, 20-сентябрда президенттин аппаратынын жетекчиси Фарид Ниязов.
Анын айтымында, бүгүн эртең менен мамлекет башчысы ага телефон аркылуу бир катар тапшырмаларды берген. "Бейтапканага жаткыруу тууралуу сөз болгон жок. Мындан аркы дарылоо тууралуу дарыгерлер эртең менен текшерип чыккандан кийин, кийинчерээк айтабыз",-деп кошумчалады Ниязов.
Белгилей кетсек,  кечээ 19-сентябрда Бишкектен Нью-Йоркко бараткан Кыргызстан делегациясы Стамбулдагы Ататүрк аэропортуна конууну пландап жаткан. Президент Алмазбек Атамбаев өзүн жаман сезип, догдурлар жүрөк оорусунун симптомдорун аныкташкан.
Мамлекет башчынын буйругу менен Кыргызстандын БУУнун Башкы Ассамблеясына жол тарткан делегациясын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев баштап барат.
 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.