Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Мака Чичуа Раиса Атамбаевага башлык тартуу кылды

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
469
Кечээ, Тблисиде Кыргызстандын жана Грузиянын биринчи айымдары Раиса Атамбаева менен Мака Чичуа жолугушуп, эки өлкөнүн маданий багытта кызматташуусун чыңдоо жана тереңдетүү маселелерин талкуулашты. Президент Алмазбек Атамбаевдин Грузияга расмий сапарында коштоп келген анын жубайына Грузиянын биринчи айымы грузиндердин жаан-чачында башка жамынуучу башлыгын тартуу кылды.
Кошумчаласак, Мака Чичуа Грузиянын президенти Георгий Маргвелашвилиге 2014-жылы расмий түрдө турмушка чыккан. Ага чейин алар жарандык никеде болушкан.
Жубайлардын никеси Грузиянын чыгышындагы Душети шаарында кыйылган. 2015-жылы Мака Чичуа уул төрөп, ымыркайдын ысымын Теймураз деп аташкан. Биринчи айым кесиби боюнча сүрөтчү жана актриса. Маргвелашвилинин биринчи никесинен бойго жеткен кызы бар жана ал Москвадагы университеттердин биринде билим алууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.