Курс НБ на 17.01.2021 $84,4817 €102,4848

​Өлүм жазасы жана жарандын шайлоого катышууга милдеттендирүү сунуштары четке кагылды

Саясат
25 - Ноябрь 2020
www.erkintoo.kg
82
Бул сунуштар Конституциянын жаңы долбоорунда берилген. Эскерте кетсек, 17-ноябрь күнү Конституциянын жаңы долбоору коомдук талкууга чыгарылган. Долбоорду учурда Конституциялык кеңешме кайра карап чыгууда. Кеңештин чечими менен  өлүм жазасы жана жарандын шайлоого катышууга милдеттендирүү сунуштары четке кагылганын атайын маалымат жыйында “Адамдын жана жарандын укуктары жана эркиндиктери” секциянын жетекчиси Нурлан Шерипов билдирди. Анын айтымында, аталган секция 3 күндөн бери иштеп жатат. “Адам укуктары жана эркиндиктери боюнча так классификация жүргүздүк. Биринчиден, жалпы принциптерди карадык. Экинчиден, жарандык, саясий, социалдык-экономикалык жана маданий укуктарды карап жатабыз. Ар бир сунушталган беренени кенен талкуулоодобуз”, - дейт ал. Ал билдиргендей, аймактардан жана коомдук уюмдардын өкүлдөрү келип сунуштарын берүүдө.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу