Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Ли Кэцян Кыргызстанга келет

Саясат
13 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
354
1-2-ноябрда Кытай Эл Республикасынын Мамлекеттик кеңешинин премьери Ли Кэцян мырза расмий сапар менен Кыргызстанга келет. Бул тууралуу бүгүн Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-кытай өкмөттөр аралык жыйыныны жүрүшүндө маалым болду.
Эске салсак быйыл Кытайда Эл аралык “Жайкы Давос” экономикалык форумуна катышуу учурунда Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Кытай Мамкеңешинин премьерин Кыргызстанга келүүгө чакырган.
Эми Ли Кэцян тууралуу кыскача маалымат кошумчалай кетели. Учурда 71 жаштагы Ли Кэцян мектептен кийин эмгек жолун колхозчулуктан баштаган. Пекин университетинин юридика факультетин аяктап, бакалавр даражасын алган. 2013-жылдын 15-мартынан бери Кытайдын Мамкеңешинин премьери. Бул кызматка аны Кытайдын лидери Си Цзиньпин сунуштаган. Жубайы Пекин университетинде адабият боюнча профессор. Бир кызы бар.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.