Курс НБ на 18.08.2019 $69,7979 €77,3640

​Кызматташтыктын жаңы багыттары

Саясат
13 - Июнь 2019
www.erkintoo.kg
60
Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотунун Конституциялык палатасынын сот залы жана китепканасын оңдоп-түзөө долбоору Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координциялоо башкармалыгынын (ТИКА) Бишкектеги өкүлчүлүгү тарабынан ишке ашырылып, 11-июнда салтанттуу азем менен ачылды.
Бул долбоорду ишке ашырууга 96582 АКШ доллары сарпталган. Салтанатка Кыргыз Республикасынын Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев,  Жогорку Соттун төрайымы Гулбара Калиева, Юстиция министри Марат Жаманкулов, Конституциялык палатанын төрагасы баштаган палатанын соттору жана кызматкерлери катышты.
Аземде Президенттик Аппараттын жетекчиси Досалы Эсеналиев, Конституциялык палатанын төрагасы Эркинбек Мамыров жана ТИКАнын Бишкектеги координатору Али Муслу сөз сүйлөдү.
Аталган долбоор Түркия Республикасы менен Кыргыз Республикасынын ортосундагы адилеттүүлүк тармагындагы кызматташтыктын жаңы багытын чагылдыруу менен өнүктүрүүгө багытталган.
 
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу