Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Кытайдын Кыргызстандагы элчиси алмашты

Саясат
20 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
496
Мурдагы элчи Ци Даюйдун дипломатиялык миссиясы август айында аяктаган. Жаңы дайындалган элчи Сяо Цинхуа 19-сентябрда Кыргызстандын Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевге ишеним грамоталарын тапшырды. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-кытай кызматташтыгынын абалы жана эки тараптуу багыттарды өнүктүрүү тууралуу сүйлөштү. 
 30-август күнү Кытайдын Бишкектеги элчилигинин имаратында жанкечти өзүн жардырып, үч киши жарадар болгондон кийин Кытайга виза берүү токтогон. Элчилик виза берүүнү 10-октябрдан тарта калыбына келтирүүнү убада кылууда.
 
Мээрим Бактыбек кызы


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.