Курс НБ на 26.01.2020 $69,8443 €77,1640

Кыргыз-тажик өкмөттөр аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны өтүүдө

Саясат
22 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
382
Кезектеги жыйын бүгүн борбор калаабызда өтүүдө. Аны кыргыз тараптын өкүлдөрүн вице-премьер-министр Жеңиш Разаков, Тажикстан делегациясын өлкөнүн премьер-министринин орун басары Азим Иброхим жетектеп жатышат. Комиссиянын отурумунда кыргыз-тажик мамилесинин негизги маселелери талкууланып, жыйынтыгында комиссиянын тең төрагалары тарабынан биргелешкен протоколго кол коюлмакчы. Комиссиянын мурунку отуруму бир жыл мурун Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өткөн. Бул тууралу Кыргыз Өкмөтү билдирди.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.