Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

Кыргыз-тажик чек арасынын эки тарабында ок атылды

Саясат
28 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
437
Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, бүгүн эртең менен саат 08:25 чамасында тажик чек арачылары Баткен районунун Миң-Өрүк айылына жакын жердеги такталбаган аймакта эч себепсиз үч жолу асманга ок атышкан. Буга жооп кылып, кыргыз тарап да асманга үч жолу ок аткан. Окуя болгон жерде эки тараптын Чек ара кызматынын өкүлдөрү жолугушуп, сүйлөшүү жүргүзүшкөн соң, такталбаган аймакта кыргыз чек арачылары 50 метр бери, ал эми тажик чек арачылары 100 метр ары чек араны кайтармай болушту, -делет маалыматта.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.