Курс НБ на 13.08.2020 $77,8563 €91,4695

Кыргызстандан чет өлкөгө дары-дармек, жеке коргонуучу каражаттар сатылып жатат деп социалдык тармактарда тарап жаткан маалыматтар чындыкка дал келбейт

Саясат
13 - Июль 2020
www.erkintoo.kg
56

Бул тууралуу өкмөттөн кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аткаруу органы үстүбүздөгү жылдын башында эле өлкө аймагынан чет мамлекеттерге медициналык каражаттарды чыгарууга тыюу салган.

Өкмөттүн 2020-жылдын 3-февралында кабыл алынган токтому дары-дармектердин жана медициналык каражаттардын сыртка чыгып кетишине жол бербейт.

Ал дарылардын тизмеси:

  • ацетилсалицил кислотасы;
  • парацетамол;
  • ибупрофен;
  • азитромицин;
  • амоксициллин-клавулан кислотасы;
  • моксифлоксацин;
  • имипенем;
  • клиндамицин;
  • рокситромицин;
  • цефазолин;
  • цефепим;
  • цефотаксим;
  • цефтриаксон;
  • цефтриаксон+сульбактам;
  • цефтриаксон+тазобактам;
  • цефуроксим;
  • евофлоксацин;
  • дофамин;
  • фуросемид;
  • норэпинефрин;
  • эпинефрин;
  • натрий хлориди;
  • фамотидин.
  • "Ошондой эле иньекция түрүндөгү омепразол, рингер эритмеси, шприцтер, медициналык маскалар, суюктуктарды куюу үчүн жабдууларды да сыртка чыгарууга бөгөт коюлган", - деп билдиришти өкмөттөн.

     

 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу