Курс НБ на 07.04.2020 $84,8713 €91,6016

​Кыргызстанда коронавируска чалдыккан алгачкы адамдар катталды

Саясат
18 - Март 2020
www.erkintoo.kg
31
Бул тууралуу коронавирусту алдын алуу штабынын 18-марттагы чукул жыйынында кабарланды. Саламаттык сактоо министри Космосбек Чолпонбаевдин маалыматына караганда, Кыргызстанда 18-мартка караган түнү ооруга катталган үч киши аныкталды. «Сауд Арабиясына барып келген үч жаран катталды. Бул өлкө биздеги категорияга илинген эмес. Алар 12-мартта Шаржадан Кыргызстанга келишкен. Анализдери алынып, үйлөрүндө медициналык кызматкерлеринин көзөмөлүндө турушкан. 16-мартта алардын бири, Сузак районунун тургунунун дене табы көтөрүлгөн. Тастыктоочу анализдери андан жана дагы эки кишиден коронавирусту аныктады», - деди министр.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу