Курс НБ на 19.11.2019 $69,8500 €77,2541

Кыргызстан БУУда ГЭСтерди куруу маселесин көтөрдү

Саясат
26 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
457

Дүйнөлүк климаттын өзгөрүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда 2025-жылы мөңгүнүн көлөмү 30-40 пайызга азаяры эсептелип чыкты. Андыктан Кыргызстан жана Тажикстандагы ГЭСтердин курулушу Борбор Азиядагы суу маселесин чечет. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев БУУнун Башкы ассамблеясындагы сөзүндө айтты.

Ал бирдиктүү долбоорлордун курулушу суу тартыштыгы көйгөйүн алдын алаарын белгиледи:

- Борбор Азия өлкөлөрү экономикалык жактан таза электр энергиянын булагына ээ. Бирок Борбор Азия өлкөлөрү жаңы долбоорлордун курулушунда бир ымалага келиши абзел. Болбосо мөңгүлөрдүн ээриши менен катар 2025-жылга барып суу тартыштыгы пайда болот.

Кыргызстан былтыр да ГЭСтерди куруу зарылдыгын БУУнун жыйынында көтөргөн. Бирок Өзбекстандын өкүлү ГЭСтердин курулушу коңшу өлкөлөрдө суу тартыштыгын жаратарын Башкы ассамблеясынын жыйынында дароо айтып чыккан.



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.