Курс НБ на 07.12.2019 $69,8490 €77,5883

"Кыргызстан — Катар" аба каттамын ачуу пландалып жатат

Саясат
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
371
 КР элчиси келечекте соода-экономикалык, инвестициялык, маданий мамилелер жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек — Доха аба каттамын ачуу маанилүү экенин белгиледи. Кыргызстандын Катардагы элчиси Нурлан Ниязалиев "Qatar Airways" авиакомпаниясынын вице-президенти Али Аль-Раис менен болгон жолугушууда Кыргызстан — Катар түз аба каттамын ачуу маселесин талкуулады. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. 
 Ниязалиев келечекте соода-экономикалык, инвестициялык, маданий мамилелер жана туризмди өнүктүрүү үчүн Бишкек — Доха аба каттамын ачуу маанилүү экенин белгилеген.  Ошондой эле Кыргызстан менен араб өлкөлөрү ортосунда жүргүнчүлөр менен оор жүктөрдү ташуу потенциалы жогору экени айтылган. Элчи "Манас" аэропортунун жаңы мүмкүнчүлүктөрү тууралуу дагы маалымат берди.  Эки тарап түз аба каттамын ачуу боюнча маселени мындан ары дагы талкуулоо тууралуу макулдашты.
Асел Барыктабасова


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.