Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилди

Саясат
24 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
516
Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (Кылмыш-жаза кодекси жана Жазык-аткаруу кодекси) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду.
Мыйзамды КР Жогорку Кеңеши 2016-жылы 20-октябрда кабыл алган.
Мыйзамдын максаты жашы жетпеген балдарга карата таш боор маилени жана зомбулукту  алдын алуу, ошондой эле зомбулукка дуушар болгон балдарды комплекстүү колдоону камсыз кылуу чараларын күчөтүү болуп саналат.
Мыйзам жашы жетпеген балдарга карата кылмыш жасагандыгы боюнча жазасын өтөп жаткан адамдарды шарттуу мөөнөтүнөн мурда бошотууга жана жазасын колонияда өтөө режимине которууга жол бербөө жагында Кылмыш-жаза кодексине жана Жазык-аткаруу кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүүнү карайт.
Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөндөн тартып күчүнө кирет.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.