Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

Курманбек Бакиевди кайтарып алуу боюнча сүйлөшүүлөр жанданды

Саясат
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
639
Кыргызстан менен Беларус баш прокурорлору Индира Жолдубаева жана Александр Конюк 7-сентябрда Минск шаарында жолугушуп Курманбек Бакиевди Кыргызстанга өткөрүп берүү жаатында сүйлөштү. Бул тууралуу башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы кабарлады. Бирок сүйлөшүү жыйынтыгында тараптар кандай чечимге келишкени тууралуу азырынча маалымат айтыла элек.
Жолугушуу Беларус баш калаасында 7-сентябрда өткөн КМШ мамлекеттеринин башкы прокурорлорунун Координациялык кеңешинин жыйынын алкагында уюштурулду. Өлкөнүн укук коргоо органдары белорус кесиптештерине качып жүргөн мурагы президентти кайтаруу боюнча бир нече жолу кайрылган. Бирок Белорус өз жарандарын башка өлкөгө бербей тургандыгын айткан.
Жазгүл Кенжетаева


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.