Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Конок үй 160 миллион сомго курулду

Саясат
16 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
487
Бүгүн, 16-сентярга белгиленген КМШ мамлекеттеринин саммитине  келген меймандарды резиденциядан жаңы курулган боз үй формасындагы конок үйүндө тосушат. Бул жай атайын саммит үчүн ушул жылдын февраль айында салынып баштаган. Бир чоң залдан жана 3 кичи залдан турган бул конок үйү президенттерге карата ыңгайлашкан. Анда президенттерге сый тамак берилип, 25 жылдык мааракеге карата концерт көрсөтүлөт.. Жогорку даражалуу конокторду тосуп алууга резиденцияда атайын конок үйдүн тургузулушу160 млн сомду түзгөн.  Бул тууралуу президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы бышыктады.
Бактыбек кызы Мээрим


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.