Курс НБ на 05.12.2020 $84,8000 €103,1253

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болупЖаныбек Жалалов дайындалды

Саясат
19 - Октябрь 2020
www.erkintoo.kg
49

Тиешелүү буйрукка президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаровдун кол койду, - деп кабарлайт өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы. Маалыматка ылайык, күн мурун, 17-октябрда өкүлчүлүктүн аппаратында жыйын өтүп, премьер-министрдин кеңешчиси Арзыбек Бурканов тарабынан облустун жаңы жетекчиси облус активдерине тааныштырылды. Арзыбек Бурканов жаңы облус башчысын тааныштырып жатып, мындай чечим өлкөнүн кадр потенциалын жаңылоо жана мамлекеттик жарандык кызматка жаңы, жаш адистерди тартуу максатында кабыл алынганын айтып өттү. Ал облустун мындан аркы өнүгүп-өсүүсүндө Ж. Жалаловго чоң жоопкерчилик жүктөлүп жатканын белгиледи. Ал эми буга чейин кыйын кырдаал учурунда облусту жетектеп келген Алишер Абдрахмановго ыраазычылык билдирип, ийгилик каалады.

 



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу