Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

КМШ мамлекеттеринде терроризм боюнча шектелген 6 миңден ашык адам издөөдө

Саясат
08 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
656
Мындай маалыматты 6-сентябрда Санкт-Петербург шаарында аяктаган КМШ өлкөлөрүнүн ички иштер министрлеринин жыйынында Антитеррордук борбордун жетекчиси Андрей Новиков билдирди.
Айтымында, борбор тарабынан ошондой адамдардын 1200үнүн жашынган жерлери боюнча маалыматтар такталган. Аталган борбор шериктештиктин чегинен тышкары согуштук аракеттерге катышуу максатында Жакынкы чыгышка чыгып кетип жаткан жарандар туурасында маалыматтарды тынымсыз чогултуп турат.
“Алардын Сирияда топтогон тажрыйбасы бизде колдонулушун каалабайбыз”, - деди Новиков.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.