Курс НБ на 22.11.2019 $69,8500 €77,4357

Клинтондун шайлоого катышууга шайы жетеби?

Саясат
13 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
466
Америка Кошмо Штаттарынын президенттигине негизги эки талапкердин бири Хиллари Клинтон жекшемби күнү НЬЮ-Йоркто 11-сентябрдын курмандыктарына арналган аза күтүү иш-чарасына катышып жатып акыбалы чукулунан начарлады. Жан сакчылары менен жан-жөкөрлөрү аны автоунаага жөлөп таяп жатып араң салган видео кадрлар интернетте пайда болду. Хиллари айым мүдүрүлүп, бут кийиминин бир түгөйүн да түшүрүп алды. Врачтар ага өпкө кагыны деген аныктама коюшкан. Ушугу байланыштуу ал шайлоо өнөктүгүн улантуу үчүн кечээ, 12-сентябрда Калифорнияга баруудан баш тартты.
 
Саат жебесин 1 саат алдыга же артка жылдырып кышкы жана жайкы убакытка өтүү эрежеси алгач ирет 1908-жылы Улуу Британияда киргизилген. Ал эми жебелерди ары бери жылдыруу жолу менен энергетикалык ресурстарды үнөмдөө идеясы АКШнын көз карандысыздыгынын Декларациясынын авторлорунун бири Бенжамин Франклинге таандык. АКШнын өзүндө кышкы жана жайкы убакытка өтүү 1918-жылдан бери колдонулат. Россияда кышкы убакытка өтүү 1917-жылы жүзөгө ашырылган. Бирок, 2011-жылдан бери орустар да бул эрежеден баш тартышты. Учурда Кыргызстан, Казакстан, Түркмөнстанда жана Өзбекстанда убакыт которулбайт. Алжир, Ангола, Афганистан, Вьетнам, Гвинея, Индия, Кения, Кытай, Малайзия, Бириккен Араб Эмираттары, Пакистан, Перу, Тунис, Филиппин, Түндүк жана Түштүк Корея, Япония мамлекеттеринде да ушундай.
Учурда дүйнөдөгү 192 мамлекеттин 80ден ашыгында кышкы жана жайкы убакытка өтүү эрежеси киргизилген. Алардын катарында Австралия, Австрия, Азербайжан, Азор аралдары, Албания, Аляска, Андорра, Аомынь, Аргентина, Багам аралдары, Беларусь, Бельгия, Болгария, Босния жана Герцеговина, Улуу Британия, Венгрия, Венесуэла, Германия, Гибралтар, Греция, Дания, Египет, Израиль, Ирландия, Испания, Италия, Йемен Араб Республикасы, Канар аралдары, Кипр, Корсика, Куба, Латвия, Ливан, Литва, Лихтенштейн, Люксембург, Македония, Мальта, Мексика, Молдова, Монако, Намибия, Науру, Нидерланды, Жаңы Зеландия, Норвегия, Парагвай, Польша, Португалия, Россия, Румыния, АКШ, Сан Марино, Сан-Томе жана Принсипи, Сауд Арабиясы, Свазиленд, Сейшель аралдары, Сенегал, Сент Китс жана Невис, Словакия, Словения, Түндүк Мариан аралдарынын шериктештиги, Теркс жана Кайкос (аралдар), Тунис, Түркия, Украина, Уругвай, Фарер аралдары, Финляндия, Фолкленд аралдары, Франция, Хорватия, Чехия, Чили, Швейцария, Швеция, Эстония, Югославия сыяктуу өлкөлөр бар.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.