Курс НБ на 15.09.2019 $69,8500 €77,4846

​Касым-Жомарт Токаев расмий сапар менен Кытайга келди

Саясат
11 - Сентябрь 2019
www.erkintoo.kg
18
Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев 10-сентябрдын кечинде эки күндүк расмий сапар менен Кытайга барды. Токаев Пекинде казак-кытай ишкер кеңешинин 6-отурумуна катышат, Кытайдын коомдук илимдер академиясында лекция окуйт, Төрага Си Цзиньпин, Мамкеңештин премьери Ли Кэцян, саясий жана ишкер чөйрө өкүлдөрү менен жолугушат. Ханчжоу шаарына барып, инновациялык продукцияларды чыгаруу боюнча дүйнөгө таанымал “Hikvision” компаниясынын ишмердиги менен таанышат. Мындан тышкары “Alibaba” компаниясына барып Джек Ма менен жолугаары болжолдонууда.
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу