Курс НБ на 05.07.2020 $77,1102 €86,6140

Картелдин планы ишке ашпай калышы мүмкүн

Саясат
28 - Ноябрь 2016
www.erkintoo.kg
390
30-ноябрда Австриянын борбору Вена шаарында мунай өндүрүүчү өлкөлөрдүн ОПЕК уюмунун кезектеги саммити өтөт. Анда Нигерия менен Ливиядан башка уюмдун мүчөлөрүнө суткалык мунай өндүрүү көлөмүн кыскартуу сунушталары айтылууда. Бирок, мындай чечимге ири экспортерлор болуп эсептелген Иран менен Ирак караманча каршы.
ОПЕКтин маалыматына караганда, картелдин мүчөлөрү октябрь айында күнүнө 33,643 млн баррелден мунай өндүрүп жатышкан. Жаңы демилге боюнча күнүнө бери дегенде 1,26-1,4 млн баррель мунайды азыраак өндүрүү керек болот. Учурда дүйнөлүк мунай рыногунда күнүнө 1,-1,5 млн баррель ашыкчалык кылууда. Ал эми мунай баасы баррелине 49 доллардан айланууда.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.