Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Качып жүргөн Кадыржан Батыров Кыргызстанды сындады

Саясат
22 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
424
Кадыржан Батыров 2010-жылы түштүктөгү июнь окуяларын уюштурган деген күнөө менен сыртынан соттолуп, бирок Кыргызстандан качып кетүүгө үлгүргөн. Өзүн өзбек диаспорасынын лидери катары эсептеген Кадыржан Батыровдун ЕККУ (ОБСЕ) жыйынында олтуруп алып “Кыргызстанда эч кандай демократия жок” деп сын айтканы кыргызстандыктарды кыжырын кайнатты. Ал Европада олтуруп алып кайрадан эле улуттар аралык араздашууну козгоп жатат. Кыргыздын суусун ичип, тузун татып, миллионер, ЖК депутаты болгон Батыров издөөдө жүрөбү же биздин укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова менен бирге иштейби деген ой келет.
Бүгүн ЖК депутаттары, ТИМ баш болгон тийиштүү уюмдар күн тартибинде Кадыржан Батыровдун маселесин кароого тийиш деген пикирлерин жөнөкөй жарандар да билдиришүүдө. Экс-президенттерди алып келе албасак да экс-депутаттарды алып келип, демократиялык жол менен “жазаласак” ОБСЕ эмес БУУ деле калыс пикирин айтмак. Суверендүү Кыргызстандын күч органдары качан “күчтөнөт?”
Асан Жунусов


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.