Курс НБ на 06.07.2020 $77,2200 €87,1891

Исмаил Исаков: Мезгилдин бардык чакырыктарына жана коркунучтарына даяр туруу үчүн биз Борбордук Азиянын “Жолборсу” болушубуз керек!

Саясат
26 - Май 2020
Эркин Тоо
101
Көп жылдардан бери биз биринчи жолу Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгын ардагерлерди, оорук эмгекчилерин жана коомчулукту салттуу чакырып, “фронттук каша” жана “наркомдук 100 грамм” менен даам татытып белгилей алган жокпуз. Бишкек гарнизонунун тыкан кооз параддык форма кийген өздүк курамы да болгон жок, жоокерлер менен офицерлердин бир катарда баскан саптык кадамын дагы уккан жокпуз. Фашисттер басып алган туулган жерибиздин ар бир метрин, көчөсүн жана шаарларын кайтаруу үчүн биздин аталарыбыздын чабуулга аттанганы, амбразуларга секиргени жана алардын күжүрмөн куралдары жөнүндө түбөлүкө жаралган жагымдуу согуштук ырларды да укпадык. Болгону, аз адамдын курчоосунда гана өлкөнүн президенти гүл коюу аземин өткөрдү.
         Эгерде,  бүгүн  жакшылап ой жүгүртсөк, азыр  дагы согуш жүрүп жатат. Куралдын дүңгүрөгөн үнү жок согуш. Коронавируска каршы согуш. Алдыңкы катарда танкалар эмес, пулемёт менен автоматтарды көтөргөн жоокерлер эмес, бүгүн алдыңкы чекте атайын коргоочу комбинезонду кийишкен врачтар менен бардык медициналык кызматкерлер.
         COVID-19 вирусунун кеңири жайылышынан улам, бүткүл дүйнө жүзү менен чогу биз да, окуянын эпицентринде турабыз. 49 күн бою көчөгө чыкпастан, кошунабызга, өтүп бара жаткандарга, тааныштарыбызга жана туугандарыбызга же болбосо өзүбүзгө илдетти жуктурбоо үчүн, биз өзгөчө абал шарттарында үйлөрүбүздө отурдук.    
         11-майда гана өзгөчө абалдын чектөөлөрү алынып, карантиндик эрежелерди сактоо менен айрым жеңилдиктерге жол берилди. Эгерде экинчи Дүйнөлүк согушка 60 өлкө тартылган болсо, коронавирус 188 мамлекетти каптады, ал эми дүйнөдө коронавирусту жуктурган адамдардын саны 5,5 миллиондон ашып, 345 миң адам өлүмгө учурады, бир гана АКШда 1,668 миллион адам вируска чалдыгып, 99,5 миң адам мерт кетти. Ал эми Европа өлкөлөрүндө жуктууруга чалдыккандардын саны бир нече жүз миң деп саналат. Бизде, жуктургандардын саны 1500 жакындап калды, 16 адам көз жумду.
        Пандемиянын таралышы менен бардык өлкөлөр менен чек аралар жабылды. Аба, деңиз, автомобиль транспортторунун кыймылы токтотулду. Ушуга байланыштуу, чет өлкөдө жүргөн көптөгөн мекендештерибиз-мигранттар, колунда билеттери болсо да үйлөрүнө кайтып келе алышкан жок. Алардын айрымдары ар кандай тыюу салуулар, чектеш өлкөлөрдүн чек араларынын жабылганы жана башка бир топ кыйынчылыктарды өтүп, өз мекенине кайтып келишүүдө. Кыргызстан өзүнүн мүмкүнчүлүгүнө карап чет өлкөлөрдөгү өз жарандарын, арасында илдетке чалдыккандары болгонуна карабастан, аларды алып келүүгө болгон аракеттерин жумшоодо.
        Өнөр жай ишканалары, соода, спорт, маданий жана башка мекемелер иштебей турду. 11-майда курулуш материалдар дүкөндөрү жана базарлары, автосалондор жана турмуш-тиричилик тейлөө жаатындагы кээбир ишканалар жана экономикалык ишмердүүлүктүн айрым түрлөрүнүн иштөөсүнө уруксат берилди. Ал эми 21-майдан тартып бул тизмелер кеңейтилип, соода борборлору жана экономикалык маанилүү обьектилер да иштей баштаганы менен өлкөнүн экономикасына орчундуу зыян келтирилип, чакан жана орто бизнес иш жүзүндө токтоп калды.
        Өкмөт баштапкы этапта пандемия шарттарында керектүү коргоочу комплекттердин, реагенттердин жоктугунан жана айрым кадрлардын даяр эместигинен улам, вирустун очокторун локалдаштыруу менен гана алектенип келди. Кийинчирээк,  кетирилген кемчиликтерди жоюп, негизги күч-аракеттерди коронавирустун бүткүл республика аймагына жайылышын болтурбоого багыттап, ишти жөнгө салуу менен жуктуруунун очокторун жана ооругандардын контактарын контролго алды. Ушуга карабастан, бүгүнкү күндө тестирлөө системалары менен лабароториялардын саны жетишсиз, ооругандардын саны уламдан улам көбөйүүдө, эң негизгиси жарандарыбызды масштабдуу жана  системалуу текшерүүдөн өткөрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрүбүз жок, каражаттарыбыз дагы тартыштуу.
        Мындай кырдаалда, согуш мезгилиндей эле өлкө жетекчилиги чечкиндүү чараларга барып, катаал чечимдерди кабыл алууга муктаж болду. Жарандарыбыздын өмүрүн сактап калуу жана алардын коопсуздугун камсыз кылуу максатында  Президент, конституциялык ыйгарым укуктарын колдонуп, алдын алуу чараларын көрүү үчүн өз убагында жуктуруп алган жарандар аныкталган аймактарда өзгөчө кырдаал режимин жана чектөө чараларын киргизүү боюнча  Өкмөткө конкреттүү сунуштарды берүү менен бирге, өкмөттүн жана саламаттык сактоо министрлигинин талаптагыдай даярдык көрбөгөндүгүн жана кемчилдиктерин белгилеп, маселени чечүү жолдорун көрсөткөн Коопсуздук кеңешинин бир нече жыйынын өткөрдү. Ошону менен бирге, ал калкты чектөө чараларын түшүнүү менен кабыл алууга чакырды.
          Кийинчирээк, түзүлүп жаткан кырдаалга байланыштуу, жарандарыбыздын өмүрүн сактоону өзгөчө көздөп, мамлекет башчы конституциялык ыйгарым укуктарынын чегинде, ал үчүн оор чечим болгондугуна карабай, айрым аймактарда коменданттык саатты орнотуу менен өзгөчө абал киргизди. Бул чечим, өлкөнүн башка аймактарына вирустун массалык жайылышын токтотууга жана жуктуруу очокторун локалдаштырууга мүмкүндүк берди. Таразанын табагында жарандардын өмүрү менен ден соолугу же экономиканы тандоо болчу. Үчүнчү вариант жок эле. Чечим  туура жана өз убагында кабыл алынып, жалпы элдин өмүрүн, ден соолугун жана алардын коопсуздугун сактоо тандалды.
        Тилекке каршы, өлкө башчынын көрсөтөмөлөрүнө, талаптарына жана өтүнүчтөрүнө, ошондой эле пандемияга байланыштуу биздин турмушубуз кабылган өзгөрүүлөргө түшүнүү менен мамиле кылгандын ордуна, биздин  кээ бир жарандар  коюлган карантиндик эрежелерди бузушуп, киргизилген чектөөлөргө өзүм билем дегендей мамиле кылышып, айрымдары болсо, балким өздөрүн пиарлоо же элди дүрбөлөңгө салуу менен мамлекеттик бийлик органдардын аракеттерине ишенбөө пикирлерди жаратуу максатында социалдык тармактарга чындыкка дал келбеген маалыматтарды жайгаштырышты. Кызыгы, айрым  адамдар азыркыга чейин мамлекет тарабынан кабыл алынган  эрежелерди аткарууну каалашпайт же  түшүнгүлөрү келбейт, бул чаралар бирөөлөрдүн кесирлиги эместигин, Президент жана мамлекеттик органдар тарабынан жасалып жаткан нерселердин бардыгы биринчи мөөнөттө ошол адамдардын өздөрүнүн өмүрүн, ошону менен бирге бардык жарандардын ден-соолугун,  жалпысынан   өлкөнүн   улуттук коопсуздугун сактоого багытталганын уккулары дагы түшүнгүлөрү дагы келишпейт. Өзгөчө четтен келгендердин арасында жана Нарын обулусунда ушундай фактыларга жол бергендерине күбө болдук.
        Көпчүлүктү аябай катуу иренжиткени, кырдаалдын бардык коркунучтарына карабай, айрым инсандар өз кызыкчылыктарын жана амбицияларын улуттун коопсуздугунан жогору коюшуп, адамдардын өмүрүн тобокелдикке салып кандай гана болбосун болгон мүмкүнчүлүктөрдү пайдаланып мамлекеттик органдардын жасап  жаткан иштерин бир тараптуу терс пикир жаратуу менен алектенүүдө.
        Улуу Жеңиштин 75 жылдыгында Ч.Түлөбердиев, Д.Шопоков, Э.Паськолордун даңктуу эрдиктеринин жана З.Кайназарова, Ш.Тезекбаева, В.Жанузаков жана башка көптөгөн ата-баба-апаларыбыздын баатырдык каармандыктарынын мисалында сөзсүз биздин оюбузда, жүрөгүбүздө кандайдыр бир өзгөрүүлөр болушуна ишенүү менен бирге  кээде келечек үчүн сабыр кылып, жашообузга болгон мамилебизди кайрадан карап чыгып, убактылуу пайда болгон кыйынчылыктарга чыдап, кийинки муундарыбыздын жашоосу алардын  келечеги, ар бир үй-бүлөдөн, айылдын, райондун, шаардын   жашоочуларынан жана мамлекеттин жүргүзгөн саясатынан көзкаранды экендигине түшүнүп, алардын жакшы турмушу үчүн азыр аракеттеншибиз керек.
        Биз баарыбыз түшүнүп турабыз, пандемиядан кийин дүйнө жүзү өзгөрөт аны менен бирге биздин жашообуз да өзгөрөт. Ошондуктан, бул өзгөрүүлөргө азырдан тартып даярданышыбыз өтө маанилүү. Коронавирустан жаралган кырдаал ар бир жарандын, ошондой эле бүткүл мамлекеттин адаттагы жашоо мүнөзүнө башкача көз караш менен кароого мүмкүндүк берди. Эми, биздин колубузда коомдук жашоонун айрыкча эпидемия мезгилинде ачыкка чыккан кемчиликтерин өзгөртүү мүмкүнчүлүгү пайда болду.
        75 жыл мурун Улуу Ата Мекендик согуш учурунда ыкчам мобилизациялоонун жана реструктуризациялоонун негизинде эң кыска мөөнөттө көп сандаган жумушчу орундары түзүлүп, заводдорду жана фабрикаларды, ГЭСтерди, ЖЭБдерди жана сугат жерлерин көбөйтүү үчүн каналдарды курушуп, фашизмди жеңүү менен бирге, өлкөнүн экономикасын өнүктүргөндөй (Автордун эскертүүсү: бул тууралуу 9-май алдындагы өзүмдүн “Кыргызстан Улуу Ата Мекендик согуш 1941-1945-ж.ж.”  деген макаламда чагылдыргам), бүгүн, биз дагы аталарыбыздын тажырыйбасындагыдай  келечектеги жашообузду жакшы нукка өзгөртүүгө милдеттүүбүз.
        Мына дал азыркы кризистик учурда, мамлекеттик түзүмдөрдө жана бийлик бутактарындагы көптөгөн системалык көйгөйлөр ачыкка чыкканда, өзгөрүүлөрдүн зарылдыгынын объективдүү түшүнүгү келип турат. Пандемиянын аяктоосу менен биз мамлекеттик бийликтин түзүмдөрүндө гана эмес, ошондой эле өлкөнүн коомдук жана саясий турмушунун бардык чөйрөлөрүндө кардиналдуу өзгөртүүлөрдү кылышыбыз керектигин жашоо бизге көрсөтүп, ал эми убакыт талап кылып турат.      
        Коронавирустун өлкөгө таралышына чейин убакыттын жетиштүүлүгүнө  карабастан, саламаттык сактоо чөйрөсү  эпидемияга даяр боло албаганы ачык-айкын болуп калды. Коронавирус менен күрөшүүгө тартылган жооптуу жана милдетүү кызматкерлер, жакындап келе жаткан коркунучтун масштабын түшүнбөй, жеке коргонуу жабдууларын сатып алуу, дарыгерлерге тренингдерди өткөрүү, обсервациялоо борборлордун, ооруканалардын, клиникалардын абалын текшерүү менен аларды ошол багытта даярдоо, дезинфекциялоо каражаттарын жана керектүү тестирлөө реагенттерин камсыздоо сыяктуу натыйжалуу чараларды көрүүнүн ордуна, толук даярдык бар экенин жарыялашып турушканы менен   кийин андай эмес экендиги тастыкталды.
        Медициналык кызматкерлердин массалык түрдө илдетке чалдыккандары курч проблемага айланып, бир дарыгердин өлүмгө учураганы орчундуу көйгөй болду. Эң кызыктуусу, буга айрымдар дарыгерлердин өздөрүн күнөөлөсө, башкалары бийлик бутактарын күнөөлөгөнгө барышты. Бул деген, Ч.Түлөбердиевди же 28 панфиловчуларды Мекенин коргоодо баатырдык менен каза болгондуктары үчүн алардын өздөрүн андан кийин Совет бийлигин күнөөлөгөнгө тете болду.
        Тескерисинче, алар октун жана снаряддын астында жарадар болгондорду согуш майданынан сүйрөп чыккан аскер дарыгерлеринин эрдигиндей, эпидемиянын очогунда жүрүп, илдетке чалдыккандарды айыктыруу үчүн бардыгын жасап жаткан кайраттуу дарыгерлерибизге ыраазычылык билдиришибиз керек. Гиппократтын антын берген дарыгер бүгүн биринчи чекте, согуш майданында, эпидемиянын очогунда. Андан көрө, ошондой орунсуз жана  компетентсиз сөздөрдү айтканга жол бергендин ордуна, биздин милдет - медициналык кызматкерлердин ден соолугу, бейтаптарды ийгиликтүү дарылоосун тиленүү. Ал эми мамлекеттик органдардын жетекчилеринин милдети, биринчи кезекте, ооруп калгандардын өмүрүн сактап калуусу үчүн биздин медиктерди бардык тараптан керектүү каражаттар менен камсыздап, тиешелүү эмгек шарттарын толук кандуу уюштуруп берүү болуп саналат. Бул боюнча биздин дарыгерлер өнүккөн өлкөлөрдүн медиктеринен кем калышпай өз милдеттерин так аткарууда деп ишенимдүү айта алам.
        Жогоруда айтылган көйгөйлөр министрликтин гана эмес,  Өкмөттүн дагы толук даяр эместигин ачыктады. Ушуну менен  бүткүл саламаттык сактоо системасындагы ири өзгөрүүлөрдү талап кылган кризис дагы көрүнүп калды. Албетте, мындай кемчиликтер боюнча жоопкерчилик министрликтин жетекчилеринде гана эмес, Өкмөттүн, биринчи кезекте премьер-министрдин мойнунда.
        Согуш мезгилинде кетирилген мындай катачылыктар жана кемчиликтер эч кимге кечирилген эмес, күнөөлүү же аракетсиз жетекчилер мыйзам чегинде катуу жооп беришкен. Мисалга алсак, Батыш (Белорусстук) өзгөчө аскер округунун командачысы Д.Павлов ишенип берилген фронтту коргоого даярдык көрбөгөнү жана Минск шаарын согуш башталган күндөн тартып үч күндүн ичинде фашисттерге алдырганы үчүн орун басарлары менен “... аскерлерди башкарууну жоготкондугу жана аракетсиздиги үчүн” 1941-жылдын 22-июлунда, согуштун башталышынан так бир ай өткөндөн кийин эң жогорку жаза - атууга жазаланган. Ошол эле күнү соттолгондордун бардыгы аттырылынган.
        Салыштырмалуу, Брест чебинин коргоочуларынын акыркысы майор Гаврилов согуштун 49-күнүндө оор жарадар учурунда колго түшкөнгө аргасыз болгон. Анын колго түшүүсү менен Брест чеби толук фашистердин карамагына өткөн.
        А бизде кандай? Коронавирус маселеси боюнча Коопсуздук кеңешинин кийинки жыйындарында Президент олуттуу кемчиликтер үчүн премьер-министрге, саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилерине жана жалпы Өкмөткө карата чара көрүүнү сунуштады. Ошондон кийин гана социалдык маселелерин тейлеген вице-премьер жана Саламаттык сактоо министри оор кесепеттери жок кызматтарынан бошотулду. Ал эми премьер-министр Өкмөттүн башчысы катары жана министрдин орун басарлары күнөөлүү эмеспи? Же алардын кемчиликтери жок беле? Албетте бар эле. Болгондо дагы алар биринчи мөөнөттө жоопкерчиликтүү болчу. Жарым жартылай күнөөлүүлөрдү кызматтарынан шыпырып түшкөндөн кийин гана министрликтердин, ошондой эле өкмөттүн иши жанданып,  түзүгүрөөк аракет кыла башташты. Ошону менен бирге кээ бир жетекчилердин алгылыктуу иштерин белгилеп кетсек болот. Мисалга алсак, Ош шаарынын мэри, баштапкы этапта эпидемиологиялык чаралардын аткарылашын тартипти катуу сактоо менен камсыз кылып, инфекциянын таралышын  жайылтпай акыбалды бир калыпта сактаганга жетишти, эң негизгиси анын жасаган иш арекеттери шаардыктардын колдоосунда болгондугу көп жетекчилерге үлгү катары бааланды. Аны менен катар Талас облусунун жетекчиси дагы эпидемияга каршы бардык чараларды алдын ала  уюштуруп, тартипти  катуу сактап, коронавирус инфекциясын облустун аймагына жайылбашына жетишти,  жетекчинин аткарган  иштерин да  облустун элинин колдоосуна алынып, бирдиктүү болгон иш аракеттери  өз жемишин берди.
        Пандемия жана карантин режими учурунда өлкөнүн билим берүү тармагында да көйгөйлөр пайда болду. Шашылыш түрдө бардык мектеп окуучулары жана студенттер аралыктан билим алууга өтүштү. Бул өз кезегинде бир катар: окуу-методикалык куралдарынын деңгээлинин төмөндүгүн, мугалимдер менен окутуучулардын, айрыкча улуу муундун санариптик технологиялар менен иштөөгө даярдыгынын жоктугу сыяктуу көйгөйлөрдү ачыктады. Билим берүү министрлиги тарабынан иштелип чыккан так жөнгө салуучу ченемдердин жоктугунан улам, келишимдердин наркы кайрадан каралбагандыктан аралыктан билим берүүгө өтүүгө карабастан, толук акы төлөөнү талап кылуу боюнча жеке менчик мектептерде өзгөчө көйгөй пайда болду. Бюджеттик жана жеке менчик билим берүү мекемелеринин билим берүү сапатында, ошондой эле окуу программалары менен окуу китептеринде дагы чоң көйгөйлөр бар экендиги дагы оркойуп чыкты.
        Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен борбордук бийлик органдары тарабынан калктын социалдык жактан аялуу катмарын колдоо маселелеринде да олуттуу кемчиликтер бар экендиги дагы билинди. Ушундай эле көйгөйлөрдү жана кемчиликтерди ар бир министрлик, ведомстволор жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары боюнча шуруптай тизмелесе болот.
        Карантин мезгилинде аткаруу бийлигинин финансы секторунда өзгөчө курч маселелер пайда болду. Рецессия, бюджеттик секвестр, жетиштүү финансылык резервдердин жоктугу, ири насыя милдеттенмелер, экономиканын реалдуу секторундагы кирешелердин азайышы, бажы төлөмдөрдүн жана салыктардын кескин кыскарышы - мунун бардыгы өлкөдөгү кырдаалдын  оорлошуна алып келди.
        Буга кошумча, Өкмөт түзүлгөн кырдаалдан чыгуу боюнча социалдык аялуу жарандарды, чакан жана орто бизнести колдоо, ошондой эле башка өлкөлөрдөн жумушунан айрылып, мекенине кайткан мигранттар үчүн конкреттүү, ар тараптуу негизделген жакынкы жана узак мөөнөттүү антикризистик программаны иштеп чыгып, коомчулукка жеткире алган жок. Ал эми кечиктирилип кабыл алынган антикризистик сунуштар жана чаралар коомдун бардык катмарларынын кыжырын келтиргенден башка колдоого алынган жок. Бир гана өлкөнүн Президенти кыска жана орто мөөнөттүү перспективаларды эске алуу менен, кризиске каршы чаралардын конкреттүү багыттарын сунуш кылды.
        Мындан тышкары, учурдагы аткаруу бийлигинин тамырлашып калган бюрократиялык системасында өзгөрүлүп жаткан кырдаалга тез чара көрүү жана приоритеттүү багыттарды аныктоо, финансылык көйгөйлөрдүн кийинки толкундарынын масштабын баалоону айтпаганда, өтө кыйын, кээде такыр мүмкүн эмес.
        Парламенттик фракциялардын коалицияларын алсак, фракциялардын көпчүлүгү дагы, парламенттик оппозиция дагы Өкмөткө антикризистик планды гана эмес, Өкмөт жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аткарылуучу биринчи кезектеги жана ыкчам чараларды сунуштай алган жок. Биз депутаттардын жана фракциялардын бир дагы ишкердүү кеңештерин уккан жокпуз. Айрым депутаттар өкмөттү түзгөн көпчүлүк коалициянын курамында болсо дагы, өздөрү алар менен бирге жооптуу экендигин унутушуп, кээбир өкмөт мүчөлөрү менен  бирге бүтүндөй өкмөттүн ашмалтайын чыгарып сындагандан башка позитивдүү иш аракеттерди көрсөтө алышкан жок.
        Ушундай  кырдаалда парламентти, өкмөттү жана жетекчилерди күнөөлөгөндүн кереги да, мааниси да жок. Бул бир нече жылдар бою калыптанган көрүнүш, чиновниктер кесипкөйлүк сапатына жараша эмес, фракциялык бөлүнүү боюнча дайындалып келген, алар  кабыл алган чечимине жоопкерчилик жок системада өсүшкөн, булар үчүн коррупция күнүмдүк эле көрүнүш, ал эми Президенттин эки жыл мурун баштаган иш аракеттеринин маңызы, мааниси дагы эле бардык жарандардын аң-сезимине толук сиңе элек. Анын үстүнөн, биздин мамлекет кандай кырдаалга туш болоорун эч ким элестете да алган эмес, эч кимдин оюна да келбеген.
        Бүгүн бардыгы тынчсызданышып, ойлонуп жатышат: Мунун баары качан бүтөт? Бул кырдаалдан чыгуунун жолу барбы? Андан кийин эмне болот? Биздин жашоо өзгөрөбү? – дешип. Эртеби-кечпи, мунун баары бүтөт, кудай буйурса аягына чыгабыз, бирок, биз минималдуу жоготуулар менен чыгышыбыз керек.“Эч качан жолу жок жагдай болбойт” деп бекер  айтылбайт, ошондуктан чыгуунун жолу дайыма бар. Кийин турмуш өз нугуна түшүп,  өлкөбүздө сөзсүз өзгөрүүлөр болооруна ишеним чоң.  
        Ал үчүн биз, согушта ооруктун жумушчулары кандай эмгектенген болсо, ошондой эмгектенип, көп иш аракеттерди аткарышыбыз керек.
Бардык саясий күчтөр, партиялар, кыймылдар жана өлкөбүздүн тагдырына кайдыгер карабагандардын ар бири Улуу Ата Мекендик согуш мезгилинде элибиз  бириккендей биз да бүгүн биригишибиз керек, интриганы токтотуп, амбицияларабызды жана аппетитибизди азайтып, бир муштумдай болуп, биргелешкен аракеттер менен бийлик органдарындагы кемчиликтерди жоюп, экономиканы, саясатты жана коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүн толугу менен либералдаштыруу аркылуу өз үйүбүздөгү кемчиликтерди, каталарды  оңдоп,  экономикабыздын өнүгүшүнө жакшы шарттарды түзүшүбүз керек. Ал үчүн керек болсо кардиналдуу кадамдарга барып, бир катар иш чараларды этап-этабы менен ишке ашыруубуз  зарыл. Келечектеги эркин жашообуз жана кирешелүү ишибиз жайлуу болуп, мезгилдин бардык чакырыктарына жана коркунучтарына дайым даяр туруу үчүн, биз, жыйынтыгында түштүк-чыгыш азиядагы Сингапур же Малайзия сыяктуу  Борбордук Азиянын “Жолборсу” болушубуз керек.
 
 


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу