Курс НБ на 14.07.2020 $77,7022 €87,9123

Ислам Каримовдун абалы оор

Саясат
02 - Сентябрь 2016
Админ
626

Өзбекстандын президенти Ислам Каримовдун абалы оор экендигин  РИА Новости Өзбекстандын өкмөтүнө шилтеме берип жазды. Буга чейин Каримовдун кызы Лола Каримова  өзүнүн Instagram баракчасына атасы мээсине кан куюлуп реанимацияда жатып калганын билдирип, бирок туруктуу экендигин жазган. Ал эми Өзбекстандын жалпыга маалымдоо каражаттары 78 жашка келген Ислам Каримов дарыланууда экендигин жазып чыгышкан.

Айнура Шайкеева



Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу