Курс НБ на 19.08.2019 $69,7839 €77,4776

Глобалдык фонд 13 млрд доллар сурап жатат

Саясат
21 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
386
БУУнун Башкы катчысы Пан Ги Мундун айтымында, 2030-жылга карата СПИД, кургак учук жана малярия сыяктуу жугуштуу ооруларды биротоло жеңүүгө мүмкүнчүлүктөр жетиштүү.
 Баш катчы Монреаль шаарында аталган ооруларга каршы туруу боюнча Глобалдык фондунун ресурстарын толтурууга арналган Эл аралык конференцияда мына ушундай оюн билдирди.
Глобалдык фонд СПИД, кургак учук жана малярия менен күрөшүүгө 13 млрд доллар сурап жатат жана бул каражатты жакынкы үч жылда жыйнап беришибиз керек деп айтты ал.
Монреалдагы конференцияга америкалык миллиардер Билл Гейтс да катышты жана ал Глобалдык фондуну каржылоо 2 миллион адамдын өмүрун сактап калууга мүмкүндүк берет деп айтты. Билл Гейтстин өзү негиздеген фонду аталган оорулар менен күрөшүүгө жүз миллиондогон долларларды которгон.
Ал эми Пан Ги Мун Фондунун жардамы менен 20 миллион адамдын өмүрү сакталып калды деп айтты.
 
Атай АЛТЫМЫШЕВ


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.