Курс НБ на 27.01.2021 $84,8000 €103,0066

«Экономикалык амнистия маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына кол коюлду

Саясат
06 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
95
 Кечээ, 5-январда Кыргыз Республикасынын Президентинин милдетин аткаруучу Талант Мамытов «Экономикалык амнистия маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет. 2020- жылдын 23-декабрында Жогорку Кеңеште кабыл алынган. Ага ылайык, эгер кайсы бир ишкер экономикалык кылмыш жасап же салыктан качса, мамлекетке келтирилген зыянды эки эселеп төлөтүү каралууда. Муну менен ал кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат. Мунапысты Финпол тарабынан соттук өндүрүшкө алынган жана соттолгон тараптар колдоно алат. Мунапыс берүүнүн мөөнөтү белгиленген эмес, бир адам экинчи ирет пайдалана албайт. Мыйзамдын максаты — көмүскө мүлктү жана кирешелерди мыйзамдуу жүгүртүүгө чыгаруу менен экономикалык активдүүлүктү жогорулатуу. Айрым экономикалык жана салыктык кылмыштар, ошондой эле менчикке каршы кылмыштар, коммерциялык жана башка уюмдарда кызматтын кызыкчылыгына каршы жасалган кылмыштар үчүн материалдык зыянды өз ыктыяры менен жабууга түрткү берүү.


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу