Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

ЕККУнун Кыргызстандагы статусу өзгөртүлөт

Саясат
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
502
Европадагы коопсуздук жана кызматташуу боюнча уюмдун (ЕККУ – ОБСЕ) Кыргызстанда ишмердик жүргүзүү статусу өзгөртүлөт – Бишкектеги ЕККУ Борбору ЕККУнун программалык борборуна айлантылат. Кыргызстандын мындай ниети тууралуу нота 27-сентябрда уюмдун дарегине жөнөтүлгөн.
 Тышкы иштер министрлигинин Маалымат департаментинин биринчи катчысы Айымкан Кулукеева бүгүн, 30-сентябрда ЕККУнун Кыргызстандагы программалык ишмердигинин кайтарымдуулугун арттыруу зарылдыгы тууралуу кыргыз тарап буга чейин бир нече жолу эскерткен деп айтты. Кыргызстан эгемендүүлүгүбүздүн 25 жыл аралыгында ЕККУ биздин өлкөдө өз миссиясын өтөп бүттү деп эсептейт.
Кыргызстан ЕККУ Борборунун статусун өзгөртүп, мандатын жаңылоо тууралуу ушул жылдын декабрь айында Гамбургда өтө турган уюмга мүчө мамлекеттердин тышкы иштер министрлер кеңешинин жыйынында жарыя салууга ниеттенип жаткан. Бирок, жасаган оор кылмыштары үчүн издөө жарыяланган Кыргызстандын жараны Кадыржан Батыровго Варшавада ЕККУ жыйынында сөз берилиши, бул чечимди тездетүүгө мажбур кылды. Кадыржан Батыров өзү айткандай саясий көз карашы жана улуту башка болгондугу үчүн куугунтукталган жок. Ал жасаган оор кылмыштары үчүн адилет жазадан качып жүрөт.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.