Курс НБ на 17.09.2019 $69,7942 €76,9027

ЕККУ ислам террорчуларын деле коргой бериши мүмкүнбү?

Саясат
27 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
414
Кыргызстан ЕККУнун деморатиялык баалуулуктарын колдойт. Бирок, анын айрым учурлардагы кош стандарттуу аракеттерине, уюмду провокациялар институтуна айланткан жана эгемендүү мамлекеттердин ички ишине кийлигишкен кадамдарына караманча каршы. 24-сентябрда Бириккен Улуттар уюмунун Генералдык ассамблеясынын 71-сессиясында жалпы дебаттарга катышып сөз сүйлөгөн өлкөбүздүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 20-23-сентябрда ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросу Кыргызстанда 2010-жылы этникалар аралык араздашууну уюштуруп, оор кылмыштарды жасагандыгы үчүн сыртынан өмүр бою эркинен ажыратууга өкүм чыгарылган Кадыржан Батыровго сөз бергендигин эске салып: “Кыргызстан ЕККУ менен кызматташып көптөгөн жакшы ийгиликтерди жаратты. Тилекке каршы, ЕККУнун Демократиялык институттар жана адам укуктары боюнча бюросунун саясаты биздин өлкөдө кайрадан жаңжалдарга алып келиши мүмкүн. Биз ЕККУ Бюросунун жогорудагы аракетин мамлекетибиздин сот системасын эле эмес, бүтүндөй Кыргызстандын элин сыйлабастык катары эсептейбиз. Эгерде Кыргызстанга ушундай мамиле болуп жатса, келечекте бюронун иш-чараларына адамзатка каршы кандуу кылмыштарды жасап жаткан ИМдин террористтеринин өкүлдөрү катыша бериши да мүмкүн”, - деди.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.