Курс НБ на 08.03.2021 $84,8000 €101,1579

​Дары-дармектерге көзөмөл күчөтүлөт

Саясат
25 - Январь 2021
www.erkintoo.kg
76
Ош шаарында  фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери менен  шаардагы абалга   байланыштуу жаралып жаткан көйгөлөр: тагыраак  айтканда, өткөн жылдан бери калктын тынчын алган  таажывирусун  жана өпкөнүн кагынуусун дарылоо ( пневмония) жана дары-дармектер менен камсыздоо ошондой эле  дарыканалардагы  дарыларга  болгон баа саясатын жөнгө салуу боюнча тегерек стол уюштурулду. Ага  Ош шаарынын вице-мэри  Эмил Шадыханов, КР нын саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу  дары-дармек жана медициналык жабдуулар менен камсыздоо  департаментинин Түштүк бөлүмүнүн жетекчиси  Садвар Кутбаев, шаардагы саламаттыкты сактоо  тармагынын башчылары, ММКФ жетекчилери, дарыкана тармагынын өкүлдөрү жана башчылары, антимонополияга каршы кызматынан жана финансы полициясынан катышышты.
Эмил Шадыханов тегерек столдун жүрүшүндө пандемияга каршы саламаттыктыкты сактоо мекемелеринин даярдыгы, керектүү дары-дармектер менен камсыз болушу, жаңыштаммы менен күрөшүүгө даяр туруу, дарыканалардагы баанын туруктуулугу эң башкысы элдин чөнтөгүнө жараша нарктын болушу  бүгүнкү күндүн актуалдуу маселесинин бири деп айтты. Шаардагы фармацевтикалык компаниялардын жетекчилери да  бажы салыгынын көтөрүлүшү, доллардын курсунун жогорулашы, жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн алынып келине турган дары-дармектердин келишине байланышкан бир катар суроолорун ортого салышты.
Э. Шадыханов  бардык тиешелүү органдарга  жана фармкомпанияларга  короновируска жана пневмонияга каршы дары-дармектердин баасына көзмөлдү күчөтүүнү бул чөйрөдө монополиялык үстөмдүктүн орун алышына жол бербөө боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Р.Исмаилова
Ош шаары


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Комментарий кошуу