Курс НБ на 30.11.2020 $84,7984 €101,1815

Дагы да болсо Швейцария жардамга келди

Саясат
30 - Сентябрь 2016
www.erkintoo.kg
630
Швейцариянын Өкмөтү Кыргызстанда шайлоолорду өткөрүүгө 200 миң швейцар франкы (14 млн сомдон ашык) өлчөмүндө гранттык кошумча жардам көрсөтөт.
Тиешелүү келишимдин толуктоосуна Швейцариянын Кыргызстандагы элчиси Рэне Холенштайм менен ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Александр Аванесов бүгүн, 30-сентябрда кол коюшту.
Ага ылайык, бул каражат Мамкаттоо кызматынын биометрикалык иденттөө системасын өркүндөтүүгө жумшалат. Швейцария жалпысынан алганда Кыргызстанда 2015-2017-жылдардагы шайлоолорду өткөрүүгө жардам катары 2,6 млн швейцар франкы өлчөмүндө жардам көрсөттү.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.