Курс НБ на 29.01.2020 $69,8500 €76,9712

Чолпон Султанбекова сасык тумоого каршы күрөш жарыялады

Саясат
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
404
Бүгүн, 6-декабрда вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова республикада сасык тумоого байланышкан эпидемиялык кырдаал боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.
Саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиевдин маалыматына караганда, учурда сасык тумоого кабылгандардын 64%ы 14 жашка чейинки балдар. Борбор калаабыздын мектептеринде окуучулардын 20-30%ы сабакка барбай калууда. Ошондуктан, өлкөбүз боюнча 5-декабрдан 12-декабрга чейин 141 мектепте карантин жарыяланды.
Чолпон Султанбекова сасык тумоо боюнча эпидемиологиялык кырдаалды кылдат көзөмөлгө алуу зарылдыгын баса белгиледи.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.