Курс НБ на 28.01.2020 $69,8500 €76,9712

Былтыркы “кылмышкер” Өкмөт башчы быйыл “жылдын мыктысы"

Саясат
06 - Декабрь 2016
www.erkintoo.kg
475
Эртең, 7-декабрда Тайм журналынын версиясы боюнча дүйнөлүк саясатчылар арасында жылдын мыктыларынын тизмеси жарыяланат.
Журнал Индиянын премьер-министри Нарендра Модини жылдын мыктысы деп атады. Ал АКШнын учурдагы президенти Барак Обама жана жаңы шайланган президент Дональд Трамптан алдыга озуп, 18% добуш алган.
Нарендра Дамодардас Моди 2001-жылдын 7-октябрынан бери Гуджарат штатынын башкы министри, Бхаратия джаната партиясынын лидери, 2014-жылдын 26-майынан бери Өкмөт башчы. 1950-жылы 17-сентябрда Ваднагар шаарында туулган. Билими боюнча саясат таануучу. Ал Гуджарати тилинде ырларды жазат. Өткөн жылы июнь айында Google издөө системасы анын сүрөтүн “Индиянын Топ-10 кылмышкерлеринин” тобуна кошуп жайгаштырып чоң чуу чыкканы эсибизде. Кийин системанын жетекчилиги Нарендра Модиден кечирим суроого мажбур болгон.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.