Курс НБ на 08.12.2019 $69,8490 €77,5883

Быйыл жергиликтүү кеңештерге 7 миң 49 депутат шайланат

Саясат
12 - Октябрь 2016
www.erkintoo.kg
378
Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекованын айтымында, 11-декабрга белгиленген жергиликтүү кеңештерге шайлоолордо 2 миллион 250 миң адам добуш берүүгө укуктуу. Учурда тизмелерди тактоо жүрүп жатат жана алар шайлоого 45 күн калганда тааныштыруу үчүн илинет.
Президенттин жарлыгына ылайык, шайлоолор Баткен облусунун алты, Чүй облусунун төрт шаарында, Талас, Нарын жана Чолпон-Ата шаарларында өткөрүлөт.
Быйыл жергиликтүү кеңештерге 7 миң 49 депутат шайланышы керек. Чүй облусунда – 1604, Ош облусунда – 1532, Жалал-Абад облусунда – 1446 мандат үчүн күрөш болот. “Айыгышкан атаандаштык Бишкек шаарында күтүлүүдө”, - дейт БШКнын башчысы. Анткени, шаардык кеңеште болгону 45 гана депутаттык орун бар. Республика боюнча жалпысынан алганда депутаттык мандат үчүн 20 миң адам талапкер болушу мүмкүн.
Бүгүн, 12-октябрда өткө басма сөз жыйынында Нуржан Шайлдабекова шайлоолорго жана референдумга карата БШК колдогу 3 миң 716 урнага кошумча 2 миң даана автоматтык түрдө эсептөөчү урналарды сатып алгандыгын билдирди. Урналарды сатып алууга Европалык союз тарабынан берилген гранттык 5 млн евро каражаттын эсебинен 260 миллион сом жумшалган.
Атай Алтымышев


Комментарийлер

Эч бир пикир жарыялана элек

Posting comments after 3 месяца has been disabled.